Кытайлык аткаминердин үйүнөн 13,5 тонна алтын табылды. Видео

© REUTERS / Arnd Wiegmann / File PhotoАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү комитети аткаминерди паракорлукка айыптап, камакка алган. Окуя 6-сентябрда болгон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кытайда коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин кызматкерлери паракорлукка шектелген аткаминердин үйүн тинтип, 13,5 тонна алтын куймалары менен таңгакталган акчаларды тапкан. Бул тууралуу World journal басылмасы жазды.

Кармалган аткаминер Хайнань провинциясындагы Хайкоу шаарынын мурдагы мэри болуп иштеген. Учурда 58 жашта. Ал алтын куймалары менен акчаны үйүнүн жер төлөсүнө жашырган. Маалыматка ылайык, табылган алтындар менен акча 268 миллиард юань же 37,5 миллиард долларга барабар.

Тинтүү учурунда тартылган кыска видео социалдык тармактарга тарады.

​Кармалган аткаминер мэрликтен тышкары түрдүү мамлекеттик кызматтарды да ээлеген. Тактап айтканда, Коммунисттик партияга Хайнань провинциясынан мүчө болгон.

Тергөө учурунда анын аянты миң чарчы метрден ашкан хан сарайы бар экени аныкталган. Эми ал өлүм жазасына тартылышы ыктымал.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0