Каатчылыктын белгисиби? Дүйнө жүзүндөгү бай адамдар акчаларын чогултууда

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКурс доллара к рублю
Курс доллара к рублю - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоого катышкандар Brexit жана АКШ менен Кытайдын соода согушу рынокко терс таасирин тийгизип жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнөдөгү бай адамдар акчаларын топтоп жатат. Бул тууралуу Швейцариянын UBS банкы менен Campden Wealth изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодо айтылат.

Кыргызстандык ишкер Тимур Файзиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ишкер Шварценеггер менен Нурмагомедов катышчу форумга барат
Маалыматта оокаттуу адамдардын финансысын башкарган каржы консультанттары рецессияга даярдык көрүп, инвестициялык стратегиясын өзгөртө баштады. Адистер 917 миллион долларлык активдерди тескеген 360 үй-бүлөлүк ишкананын жетекчилерин сурамжылоого алган. Консультанттар дүйнөлүк каржы рыногундагы каатчылык 2020-жылга чейин баштала турганын айтышууда.

Ири мекемелерди башкаргандардын 45 пайызы жоготууну азайтуу үчүн инвестициялык стратегиясын өзгөртүүдө. 22 пайызы карыздарды кыскартып жатат. Ал эми ишкерлердин 40 пайыздан ашыгы боло турчу каатчылыктан жаңы мүмкүнчүлүктөр жараларына үмүт артышууда.

Айрым бай үй-бүлөлөр өз активдерин таптакыр өзгөртпөйт, бирок көбү акчаларын чогултуп, башка иштерге акча салуудан карманып турушат. Сурамжылоого катышкандар Brexit жана АКШ менен Кытайдын соода согушу рынокко терс таасирин тийгизип жатканын айтышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0