Валентина Шевченко UFC рейтингинде дагы бир сапка жогорулады

© AFP / MATTHEW STOCKMAN / GETTY IMAGES NORTH AMERICAБоец UFc Валентина Шевченко
Боец UFc Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин сап башында мурдагыдай эле уюмдун орточо оор салмактагы (93 кг) чемпиону, америкалык белгилүү мушкер Жон Жонс турат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин жаңыланган рейтингинде бир сапка жогорулады. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланган.

Жаңы тизме Канадада жана Мексикада өткөн турнирлердин жыйынтыгы менен чыгарылды.

Чемпионка UFC в наилегчайшем весе из Китая Вэйли Жанг - Sputnik Кыргызстан
UFC чемпиону Вейли Жанг Шевченкого чакырык таштады. Мушкердин жообу
Эми уюмдун эң жеңил салмактагы чемпиону Шевченко ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду дагы артка калтырып, 11-орунду ээлеп калды. Макгрегор 12-орунда турат.

Тизменин сап башын мурдагыдай эле уюмдун орточо оор салмактагы (93 кг) чемпиону Жон Жонс ээлеген. Экинчи орунда россиялык Хабиб Нурмагомедов, үчүнчүдө америкалык Генри Сехудо жайгашкан. Эки мушкер тең уюмдун чемпиондору.

Кыргызстандык спортчу UFC уюмунун мыкты 15 мушкеринин катарына ушул жылдын март айында кирген. Беш айдан кийин Конор Макгрегордон ашып өткөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0