АКШда үй-бүлөнүн асырап алган наристеси 22 жаштагы эргежээл аял болуп чыкты

© AFP / STRӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар кайрылган адис Натальянын кичинекей кыз эмес эле чоң аял экенин аныктаган. Дарыгер мындай бүтүмгө кыздын тиштери менен жыныстык мүчөсүн текшергенден кийин келген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШлык жубайлар Майкл менен Кристин Барнетт украиналык Натальяны асырап алып, чырмалышкан окуяга туш болушту. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

​2010-жылы жубайлар украиналык сегиз жаштагы кызды асырап алышкан. Жеткинчектин сөөктөрүнүн өрчүшү бузулуп, эргежээл болуп калган. Ал АКШга 2008-жылы келип, Флоридада башка үй-бүлөдө жашап жүргөн. Бирок эки жылдан кийин алар баладан баш тартып, себебин түшүндүрүшкөн эмес. Ал эми соттук документтерге караганда, камкорчулар баланы карай албай койгондуктан атайын агенттик жеткинчекке башка үй-бүлө издөөгө аргасыз болгон.

Гиннестин рекорддор китебине кирген эки адам Египеттин туризм боюнча кеңешинин чакыруусу менен пирамидалардын жанында кезикти - Sputnik Кыргызстан
Египетте ааламдагы эң узун киши менен эң кыска аял жолугушту
Барнеттер башынан эле жеткинчектин жаш курагынан күмөн санап келишкен. 2010-жылы Натальяны караган дарыгерлер кыз сегиз жашта экенин тастыктаган. 2012-жылы аны кайрадан текшертишкен, бул сапар ал 11 жашта экени мааалым болгон. Тагыраагы, документтеги курагынан бир жашка улуу болуп чыккан. Жубайлар дагы башка адиске кайрылып, ал Натальянын кичинекей кыз эмес, чоң эле аял экенин аныктаган. Дарыгер мындай бүтүмгө кыздын тиштери менен жыныстык мүчөсүн текшергенден кийин келген.

Бул окуядан кийин  Натальяны багып алган ата-эне анын жаш курагы 22де деп өзгөртүү үчүн арыз жазышкан. Сот түгөйлөрдүн аргументтерин туура деп таап, арызды канааттандырган.

Бир жылдан кийин үй-бүлө Канадага көчүп кеткен. Бирок Натальяны ижарага алган Лафейеттеги (Индиана штаты) батиринде калтырып коюшкан.

"Биз уулубуздун билим алуусуна жардам берели деп Канадага көчүп кеткенбиз. Наталья камсыздандырылган болчу. Ошондой эле социалдык жактан коргоого алынган эле. Ал бизге жалгыз жашап кете аларын далилдеген", — деди Кристин басылмага интервью берип жатып.

Наталья бир нече ай Барнеттердин ижарага алган батиринде жашаган. Бирок 2014-жылы үйдүн ижара акысын төлөбөгөндүгү үчүн чыгарып салышкан. Бүгүнкү күндө анын кайсы жакта экени белгисиз.

Полиция болсо Майкл менен Кристин Барнетт баладан кутулуу үчүн Канадага көчүп кеткенин божомолдоодо. Учурда аларга кызды карабай койгондуктары үчүн айып тагылууда. Соттук териштирүү учурунда жубайлар ажырашып кетти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0