Элдин үрөйүн учурган өзгөчө ымыркайды Россияда дарыламай болушту

© AFP / FREDERICK FLORINГоспиталь центра Hautepierre в Страсбурге
Госпиталь центра Hautepierre в Страсбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач дарыгерлер кыздын бетин жаап турган кара такты тери рагы деп ойлошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. АКШда бетинин теңинен көбүн кал басып төрөлгөн кызды дарылоо үчүн Россиянын Краснодар шаарына алып келишет. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Эске салсак, флоридалык 35 жаштагы Кэрол Феннер аттуу келин ушул жылдын март айында кыздуу болгон. Дарыгерлер ымыркай төрөлгөндө бетин жарым-жартылай каптап турган кара такты көрүп, тери рагы деп божомолдошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, меланоцитардык невус — сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.

Маалыматка караганда, өзгөчө наристенин ата-энеси кызы кийин кор болуп, коомдон сүрүлүп калбасын деген максат менен калды алдыруу үчүн жергиликтүү дарыгерлерге кайрылып көрүшкөн. Бирок көпчүлүгү наристеге 100гө жакын лазердик операция керектигин айтышкан.

"Издеп отуруп бизге жардам бере турган дарыгерди Россиядан таптык. Ал кызымды дарылап берүүгө макул болду. Өзүнүн жаңы ыкмалары менен дарылап, эң көп дегенде 6-7 жолу операция жасайт экен. Дарыланууга жалпысынан 20 миң доллар сарпталарын айтышты", — деди Феннер.

Анын айтымында, ата-эненин мындай чечим кабыл алышына азыртадан эле кыздын дарегине "түрү суук", "желмогуздай" деген сөздөрдүн айтыла башташы себеп болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0