БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын окумуштуулары лабораториялык шартта жасалма эт жасашты. Анын укуктук статусу чечилген шартта базарларда 2023-жылдан тарта сатыла башташы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Ага ылайык, изилдөө иштери эки жыл бою жүргүзүлгөн. Лабораториялык шартта жасалган 400 грамм этти жасоо үчүн 900 миң рубль коротулган. Учурда дүйнө жүзү боюнча жасалма эттин килограммы 90 доллардан башталат, үч жыл мурда анын баасы 100-300 миң долларды түзчү.
Адистердин эсептөөсү боюнча, жасалма жол менен жасалган уй этинин баасы беш жылдан кийин 800 рубль болот.
Эксперттердин ырасташынча, жасалма эт адамдын ден соолугуна зыян алып келбейт жана аны сактоо мөөнөтү кадимки этке караганда бир кыйла узак.
Виджет news