ЖМК: медиктер Анастасия Заворотнюкту дарылоону токтотту

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив
Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дарыгерлер Заворотнюктун дарты айыккыс шишик экенин айтып беришкен. Ал эми жакындары бүгүнкү күнгө чейин комментарий берүүдөн баш тартып келишет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Өзүн Москвадагы жеке клиникалардын биринин бейтабы катары тааныштырган аял дарыгерлер актриса Анастасия Заворотнюкту дарылоону токтотконун айтты. Бул тууралуу РИА Новости НТВ телеканалына шилтеме берүү менен жазды.

Аялдын айтымында, актриса чындап эле 13-сентябрь күнү медициналык борборго жаткырылган. Ал эми 16-сентябрдан тарта медиктер дарылоо иштерин токтотуп, артисттин жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышат.

"Адам соолуп бара жатат... Дары беришкен жок. Дарыгерлер анын дем алуусун жана жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп калды", — деди ал.

Анткен менен 21-сентябрда бир катар ЖМКлар Заворотнюкка экинчи операция жасалганын жазышкан. Бул боюнча актрисанын досу Сергей Майоров журналисттерге билдирген.

Буга чейин дарыгерлер Заворотнюктун дарты айыккыс шишик экенин айтып беришкен. Ал эми жакындары бүгүнкү күнгө чейин комментарий берүүдөн баш тартып келишет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0