Дарыгерлер мээ рагынын адаттан тыш белгилерин айтып берди

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мээ рагынын бир белгиси катары адамдын жүрүм-туруму өзгөрөт. Тагыраагы, киши тынчсызданып, ыйлаак болуп, ачууланып, түнт болуп кетет. Оору учурунда шизофрениянын дагы белгилери байкалат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Адистер мээ рагынын кадимки белгилеринен тышкары оорунун бөтөнчө симптомдорун айтып бергенин "Известия" жазды.

Басылмада биринчи кезекте көздүн көрүүсүнүн начарлашына көңүл буруу керек экендиги айтылат. Эгерде шишик гипофиз тарапта болсо, адамда "сокур тактар" пайда болот. Угуунун начарлоосу же кулактагы үндөр дагы мээде шишик бар экендигинен кабар бериши ыктымал.

Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Заворотнюкту мээсиндеги шишикти алуу үчүн операцияга даярдашууда
Мындан тышкары, рак болгон адамдын жүрүм-туруму өзгөрөт. Тагыраагы, тынчсызданып, ыйлаак болуп, ачууланып, түнт болуп кетет. Оору учурунда шизофрениянын дагы белгилери байкалат.

Кол-буттардын учтары ооруну сезбей калышы - булчуңдардын иштешине таасир берген мээнин мотордук кыртышындагы шишиктен кабар бериши ыктымал. Илдетке кабылган кишинин сүйлөө речи бузулуп, сөздөрдү туура айта албай, ыктытып калат.

Ошондой эле тең салмактуулуктун жоголушу дагы мээ рагынан кабар бериши мүмкүн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0