Тажикстанда Россиянын эки аскери жарадар болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкерлери. Архив
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын Хатлон облусундагы Бохтар шаарында жайгашкан Россиянын 201-аскер базасынын эки аскери базадан чыгып, жеке иштери менен шаарда жүргөндө психикалык оорулуу адам бычак менен кол салган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Тажикстанда психикалык оорулуу киши Россиянын эки аскерине кол салып, алар жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Военные учения в РК - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда аскер бөлүктүн жанында кайрадан жарылуу болуп, 10 сапёр жабыркады
Ага ылайык, Тажикстандын Хатлон облусундагы Бохтар шаарында жайгашкан Россиянын 201-аскер базасынын эки аскери базадан чыгып, жеке иштери менен шаарда жүргөндө психикалык оорулуу адам бычак менен кол салган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги берген маалымат боюнча, кол салган киши психиатриялык диспансерде каттоодо турат.

Жарадар болгон аскерлер Душанбедеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Алардын абалы тууралуу так маалымат жок.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0