Уйкунун канбай калышы ичеги-карынга зыян. Иликтөө

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүОбучение в колледжах Москвы
Обучение в колледжах Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперименттин жүрүшүндө изилдөөчүлөр атайылап организмдин иштөө ыргагын бузушкан, натыйжада ичеги-карындагы ILC3 азайып кеткен. Бул өз кезегинде майдын топтолуусуна, ашказандын сезгенишине алып келет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Уйкунун бузулушу жана канбай калышы ичеги-карындын иштөөсүн бузат. Мындай тыянакка португалиялык илимпоздордун тобу келгенин EurekAlert! жазды.

Уктап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чабалактап уктай албай жатасызбы? Тынч уйкунун сыры ачылды
Окумуштуулардын айтымында, тамак сиңирүү органына таасир этчү иммундук клеткалардын ILC3 тобунун функциясы уйку режиминен, адамдын сергек жүрүүсүнө  байланыштуу. Бул клеткалар түрдүү инфекцияларга каршы туруп, ичеги-карындын абалына жооп берет.

Эксперименттин жүрүшүндө изилдөөчүлөр атайылап организмдин иштөө ыргагын бузушкан, натыйжада ичеги-карындагы ILC3 азайып кеткен. Бул өз кезегинде майдын топтолуусуна, ашказандын сезгенишине алып келет.

"Окумуштуулар мындай абал ILC3 клеткаларынын ичеги-карын ткандарында ары-бери жүрүү ыраатын бузат. Уйку режими бузулганда  ILC3 клеткаларына жол көрсөтүп туруучу белоктор чыкпай калат. Бул иммунитетке байланышкан ооруларды, ичеги-карын дартын шарттайт", — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар мындан улам түнү менен иштегендер же күнү менен түнү алмашып калгандар ашыкча салмак алып, ичеги-карды оорукчан болуп каларын белгилешти.

Буга чейин адистер кандай абалда уктоо туура экенин да айтып беришкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0