Цукерберг Трамп менен жолугуп, интернеттин келечегин талкуулады

© REUTERS / Stephen Lam / File PhotoГенеральный директор Facebook Марк Цукерберг
Генеральный директор Facebook Марк Цукерберг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин иш графигинде Цукерберг менен жолугушуу пландалган эмес болчу. Буга чейин Цукерберг бейшемби күнү АКШ конгрессинде жабык жыйынга катышкан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукту. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

​Facebook компаниясынын маалымат кызматынын айтымында, Цукерберг Трамп менен интернетти тескөөнүн келечегин талкуулаган.

Ал эми президент иш графигинде Цукерберг менен жолугушуу пландалбаганын, бирок "жолугушуу жылуу маанайда" болгонун жазган.

Дождь в Дюссельдорфе - Sputnik Кыргызстан
АКШнын атайын кызматтары көгүчкөн менен иттерди тыңчылыкка даярдаган
Буга чейин АКШ конгресстер палатасынын юридикалык комитети монополияга каршы күрөшүүнү иликтөө боюнча иштин алкагында өлкөдөгү эң ири төрт компаниянын жетекчилеринин документтерин жана алардын сүйлөшүүлөрүнүн жазууларын талап кылган болчу.

Юридикалык комитет Facebook, Google, Apple жана Amazon компанияларына сурам жөнөткөн. Аталган компаниялар жетекчилеринин электрондук кат алышуулары, телефондук сүйлөшүүлөрү боюнча бардык материаларды 2019-жылдын 14-октябрына чейин бериши кажет. Эми Google компаниясынын башчысы Сергей Брин, Ларри Пейдж, Эрик Шмидт, Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг, Apple компаниясынын негиздөөчүсү Тим Кук жана Amazon компаниясынын жетекчиси Жеф Безос өзүлөрүнө таандык купуя маалыматтарды бериши керек.

Цукерберг бейшемби күнү АКШ конгрессинде жабык жыйынга катышкан болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0