Аюу менен күрөшкөн Хабибдин үстүнөн UFC уюмуна арыз түштү

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРоссиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын апрель айында интернетте мушкердин аюу менен күрөшүп жаткан видеосу тараган. Мындай көрүнүшкө нааразы болгондор да чыккан.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. АКШдагы "Жаныбарларга аяр мамиле кылган адамдар" бирикмесинин өкүлдөрү Абсолюттук мушкерлер уюмуна (UFC) россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовго карата санкция колдонууга чакырышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ушул жылдын апрель айында интернетте мушкердин аюу менен күрөшүп жаткан видеосу тараган.

Бирикменин өкүлү спорттук уюмдан Нурмагомедов менен иштешүүдө анын жаныбарларга кылган мамилесин эске алуусун суранган.

"Чынжыр менен байланып турган аюу менен күрөшүү — акылга сыйгыс нерсе. Ал жаныбар экендигин билип туруп ушундай мамиле кылып жатат. Россияда колдо багылган аюулар начар шартта жашашат. Аларды чынжырлап, торго камап, сабап да коюшат. Жаныбарлардын орду жаратылышта болушу керек же аларга аяр мамиле кылуу зарыл", — деген адис.

Ошондой эле Аллен UFC уюмуна Хабибге адамдар менен эле күрөшүүнү сунушташын өтүнгөнүн кошумчалаган.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону. 8-сентябрда Абу-Даби шаарында наамын экинчи ирет коргогон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0