03:35 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Нефтеперерабатывающий завод. Архив

Эр-Рияд нефть кендерине болгон чабуулдун чоо-жайын билди. Хуситтердин маалыматы

© REUTERS / ESSAM AL-SUDANI
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
160 0 0

Маалыматтарда көңүлдү алагды кылуу үчүн сокку урган дрондордон башка дагы учуучу аппараттардын колдонулганы айтылууда.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Saudi Aramco нефти кендерине кол салууда канаттуу ракеталар менен пилотсуз учкан аба техникалары пайдаланылды деп билдирген Сауд Аравиясынын Коргоо министрлигинин өкүлү Турки аль-Малики. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, канаттуу жети ракета менен пилотсуз 18 учак чабуул жасаган.

Ал арада йемендик көтөрүлүшчү-хуситтер Saudi Aramco нефти кендерине болгон чабуулда жаңы типтеги пилотсуз учактар пайдаланылгандыгын билдиришкен.

"Аль-Масира" телеканалынын түз эфиринде козголоңчулардын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү октолгон үч дрон ар башка үч тараптан коё берилгендигин айтып берген.
Ал чабуул коюлган ишканалардын аймагынан тартылган сүрөттөрдү көрсөтүп, алар (сүрөттөр - ред.) "чалгын кызматынан алынгандыгын" айткан.

"Кол салуу үчүн коё берилген пилотсуз учактар - "Касеф" жана "Саммад — 3" 1,7 чакырым аралыкты басып өтө алышат",— деп кошумчалаган ал.
Хуситтер өкүлү ошол учурда көңүлдү алагды кылуу үчүн сокку урган дрондордон башка дагы учуучу аппараттар колдонулганын айткан.

Эске салсак, өткөн жумада нефть иштеткен Saudi Aramco заводдоруна дрондор менен чабуул жасалып, мунай заттарынын алынышы бир топ кыскарган. Ал аймактарда чыккан өрттү өчүрүп калууга үлгүрүшкөн. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда зыян тарткан объектилерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча

Дүйнөдө нефтинин баасы 19 пайызга өстү. Себеби эмнеде?
Белгилер:
кол салуу, дрон, нефть, Йемен, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ