"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчу Криштиану Роналду. Архив
Футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет айдыңында атактуу спортчу, футбол жылдызы Криштиану Роналдунун интервью учурунда атасы, маркум Жозе Диниш Авейру тууралуу сөз болгондо ыйлап жиберген видеосу тарады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Социалдык тармакка ITV телеканалында Криштиану Роналду менен болгон маектен үзүндү жайгаштырылган. Анда журналист Пирс Морган футболчунун атасы каза болор алдында, 2005-жылы, уулу менен сыймыктанарын айткан видеосун көрсөткөн.

Ал ирмемдерди көргөндө атагы таш жарган Роналдунун ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Маалыматта уулу атасынын бул видеосун биринчи жолу көргөнү жазылган.

– Бул сен үчүн өтө эмоциялуу ирмемдер...

– Муну эч качан көргөн эмесмин. Кечиресиз... (Роналду ыйлап жиберди)

– Эмнеге маанайың чөгүп калды?

– Себеби мен биринчи номерде болуп жүрдүм, анымды атам эч качан көргөн жок. Ал менин сыйлыктарымды алганымды да көрбөй кетти. 

– Ал сенин атактуу болгонуңду көргөн жок беле?

Футболист побежал целовать жену после гола, но его отменили. Видео - Sputnik Кыргызстан
Аялын өөп келгиче кырдаал өзгөрүп... Футболчунун шаабайы сууган видео
– Эч качан. Менин үй-бүлөм, апам, бир туугандарым, ал тургай улуу балам билет. А бирок атам эч нерсемди көрбөй кетти, - деген Роналду көз жашын кылгыртып.

Биздин замандын улуу футболчусу менен журналисттин ортосунда ушундай диалог болгон.

Роналдудан атасы тууралуу мурда сурашканда аны жакшы көргөндүгүн айтып, бирок спирт ичимдигине жакын болгондугун жашырган эмес. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0