Венецияда жылаңачтанып сууга түшкөн туристтерге 3000 евро айып салынды

© Sputnik / Алексей Родионов / Медиабанкка өтүүВенеция. Архив
Венеция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээкте турган кишилердин кыйкырганынан улам полиция каналга түшүп жаткандарга көңүл бурган. Укук коргоо органдары кишилерди жээкке чыгарып, полиция бөлүмүнө алып келген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Венецияда каналда жылаңачтанып сууга түшкөн эки туристке 3000 евро айып салынды. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Ага ылайык, окуя 16-сентябрда болгон, Чехиядан келген туристтер Ыйык Марк аянтынан анча алыс эмес каналга жылаңачтанып туруп секирип кеткен.

Жээкте турган кишилердин кыйкырганынан улам полиция каналга түшүп жаткандарга көңүл бурган. Укук коргоо органдары аларды жээкке чыгарып, полиция бөлүмүнө алып келген.

"Мыйзам бузгандар Миландын "Интер" жана Праганын "Славия" футбол командасынын беттешине келген фанаттар экени белгилүү болгон. Алар аба ырайы ысык болгондуктан сууга чумкуп алууну чечишкен", — деп аталган басылма полицияга таянуу менен билдирди.

Венециянын бийлиги туристтердин чектен ашкан жоруктарын алдын алуу жана келгендердин санын азайтуу үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизген. Тактап айтканда, ири кемелердин шаардын ортосундагы тарыхый жайларга жакын токтоосуна тыюу салынган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0