Көзү чаначтай, түрү жырткычтай! Кайырмакка илинген өзгөчө балыктын сүрөтү

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүБалык. Архив
Балык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы кайырмагын 800 метр тереңдикке чейин ыргыткан. Суудан чыккан балык басымдын кескин түшүшүнөн дароо өлүп калган.

БИШКЕК, 17-cен. — Sputnik. Норвегиялык балыкчы Оскар Лундаль жана анын достору бөтөнчө балык кармап алышкан.

Дайверы сняли на видео затаившуюся на дне реки гигантскую анаконду - Sputnik Кыргызстан
Кудум жомоктогу ажыдаардай. Суу түбүн байырлаган жети кучак жыландын видеосу
Денеси кичирээк, куйругу узун, көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй чоң балык адамдарды таң калтырган.

FOX 29 телеканалынын маалыматы боюнча, балыкты Андойа аралынан 800 метр тереңдиктен кармашкан. Ал суудан чыкканда басымдын кескин түшүшүнөн дароо өлүп калган.

Лундаль балыктын сүрөтү менен социалдык тармактардан бөлүшкөн. Колдонуучулар суудагы жандык "келгинге" окшош экен деп жазышкан.

Экперттердин айтымында, норвегиялык кишинин кайырмагына европалык химера — акулалардын алыскы "тууганы" илингенин айтышууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0