Көчөлөрдү бейкапар аралаган арстандар. Индиядагы чочуткан видео

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЛьвята в Екатеринбургском зоопарке
Львята в Екатеринбургском зоопарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токой чарбасынын адиси арстандар түнү жойлоп чыгып, бирок кайрадан токойго кирип кетишерин айтып берген.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Индиядагы Гуджарат штатындагы Жунагадх шаарында түнкүсүн арстандардын үйүрү менен көчө аралап жүргөндүгүн көрүүгө болот. Бул туурасындагы маалыматты India Today сайты жергиликтүү тургунга шилтеме кылып жазып чыкты.

Жөн эле жаткан... Күтүлбөгөн жерден жылгаяк тепкен арстандын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жөн эле жаткан... Күтүлбөгөн жерден жылгаяк тепкен арстандын видеосу
Бул видеону жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жүктөгөн.

Түнкү көчөдө иттердин чуулдап үргөнүнө көңүл бөлбөгөн тейде арстандар бейкапар басып жүрөт, ал тургай адамдар жашаган тарапты тиктеп да турат.

Санай келгенде алардын жетиден кем эмес азия түрүндөгү арстандар болуп чыккан.

Аймактын токой мекемесинин өкүлү Сунил Кумар Бервал жырткычтар шаарга жакын жайгашкан Гир токоюнан келиши мүмкүндүгүн жазды.

"Бул жерден арстандардын жолу өтөт. Алар түнү жойлоп чыгат да, кайрадан токойго кирип кетишет", — деген ал.

Азия арстандары түштүк Евразиянын аймагында Грециядан Индияга чейин тараган. Ал эми алар азыр аталган аймактагы Гир токоюнда гана калган. 2015-жылы саны 523 экендигин тактап чыгышкан. Жырткычтардын токойдон курсагын тойгуза албагандыктан, эл жашаган жерге да түшүп келип турары айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0