Деги эмне жейбиз? Дарыгер помидордун зыяндуулугун айтып берди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүГипермаркет "Лента" в Великом Новгороде
Гипермаркет Лента в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Помидордогу лектиндер же болбосо ар түрдүү белоктор өсүмдүктү зыянкечтерден коргоо үчүн иштелип чыгары айтылды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Помидордун курамында пайдалуу витаминдер жана минералдар болгонуна карабастан ден соолукка зыяндуулугу бар. Бул тууралуу "Известия" америкалык кардиолог Стивен Гандри "Парадокс растений" аттуу китебинде жазганына шилтеме кылып жазды.

Кара өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзүндө оорутпай турган үч азык аталды. Диетологдун сунушу
Маалыматта кеп помидордогу лектиндер же болбосо белоктордун ар түрдүүлүгүндө болуп жатканы айтылат. Алар өсүмдүктү зыянкечтерден коргоо үчүн иштелип чыгат. Генринин айтымында, белоктор организмге кирип түрдүү оору-сыркоону чакырып, соо клеткаларды талкалайт.

Помидорлор адамды чарчатып, көп жесе териге бүдүр кызыл темгилдер чыгып кетери айтылат. Ошондой эле мээнин иштешине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0