Дарыгер мээ рагынын элес алынбаган белгилерин айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНациональный медицинский исследовательский центр имени академика Е. Н. Мешалкина
Национальный медицинский исследовательский центр имени академика Е. Н. Мешалкина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кащеев оорунун бул түрүнүн эмнеден келип чыккандыгы алигүнчө белгисиз болуп келгенин баса белгилеген.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Нейрохирург Алексей Кащеев мээ рагынын адам элес албай койгон белгилери тууралуу айтып бергенин "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, адам көздүн көрүүсүн начарлатып жиберген жана кол-буттардын учу муздап, сезбей калганга жеткирген, өнөкөт болуп калган баш оорудан чочулаш керек.

Мээ рагынын эң агрессивдүү түрү — глиобластома деп аталат, азыр аны медицина жеңе албай келет.

"Операция, химия жана радиотерапия шишиктин чоңоюп кетишин көзөмөлгө алганы менен көйгөйдү түп-тамырынан бери чече албайт. Тилекке каршы, бул азыр айыкпай турган илдет", — деп айткан нейрохирург.

Кащеев аталган оорунун бул түрүнүн эмнеден келип чыккандыгы алигүнчө белгисиз болуп келгенин, бирок негизгиси генетикалык фактор экендигин айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0