14:04 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Учак. Архив

Атлантиканын үстүнөн учкан самолёт төгүлүп кеткен кофеден улам артка кайтты

© Sputnik / Владимир Сергеев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7203 0 0

Airbus A330 учагы Германиянын Франкфурт калаасынан Мексиканын Канкун шаарын көздөй бара жаткан айтылат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Airbus учагынын учкучу кабинадагы панелге кофе төгүп алганы үчүн кайтып келүүгө аргасыз болду.

RT телеканалынын жазышынча окуя февралда болгон, бирок эми гана ачыкка чыгып отурат.

Airbus A330 учагы Германиянын Франкфурт калаасынан Мексиканын Канкун шаарын көздөй бара жаткан.

​Окуяны иликтеген комиссиянын корутундусунда учкуч кофе куюлган стаканды атайын коюлчу жерге эмес, бүктөлө турчу столго койгондуктан ал панелдин үстүнө төгүлгөн. Анын кесепетинен учкучтардын кабинасы түтөп, бир сааттан кийин баскычтар эрий баштаган. Дагы бир нече убакыттан кийин жер менен байланышууда көйгөй жаралган.

Жыйынтыгында учкучтар Атлантика океанынын үстүнөн артка кайтып, Ирландиянын Шеннон шаарына конууга аргасыз болушкан. Бактыга жараша, бул окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Самолет менен учкандан коркосузбу? Психологдон кеңеш
Белгилер:
кофе, Учкуч, учак

ЭҢ МААНИЛҮҮ