АКШда 22 жыл мурда жоголгон киши Google картасынын жардамы менен табылды

© AP Photo / John RaouxАКШнын Флорида штатындагы шаар. Архив
АКШнын Флорида штатындагы шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын тургуну 1997-жылы ноябрда бардан чыгып жоголуп кеткен. Анын жакындары ал ууртап-татпай турганын, бирок ошол кечте бир аз ичкенин айтышкан.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. АКШда 22 жыл мурда жоголгон киши Google картасынын жардамы менен табылганын BBC телеканалы билдирди.

Анын сөөгү көлмөгө түшүп кеткен автоунаанын ичинен табылган.

​40 жаштагы Уильям Молдт 1997-жылы 7-ноябрда жоголуп кеткен. Ал түнкү клубдан чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Полиция издөө иштерин баштап, бирок максатына жетпей калган.

Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти. Сүрөт
Быйыл август айынын аягында Флориданын Веллингтон шаарынан анча алыс эмес жердеги көлмөдөн машина табылганы боюнча полицияга маалымат түшкөн. Аны суудан алып чыгышканда ичинен кишинин сөөгүн табышкан. Бир жумадан кийин сөөк мындан 22 жыл мурда жоголуп кеткен Молдтко таандык экени белгилүү болгон.

Полициянын билдирүүсүндө көлмөгө түшүп кеткен автоунааны аталган аймактагы кыймылсыз мүлктү карап жаткан киши Google Earth картасынын жардамы менен таап алганы айтылат.

Машинанын сүрөтү 2007-жылы эле тартылган, бирок ага эч ким деле маани берген эмес.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0