Россия ТИМи: атомдук согуштун тутануу ыктымалдуулугу күчөп жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЗдание министерства иностранных дел РФ
Здание министерства иностранных дел РФ  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломат Батыштагы өнөктөштөр пикир алышуучу каналдардын баарына бөгөт коюп, курал-жаракка жүргүзүлгөн көзөмөлдү ойрондотуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Стратегиялык туруктуулук жаатында абал начарлоонун үстүндө, мындан улам атомдук согуштун тутануу мүмкүнчүлүгү күч алды. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдиргенин РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, бул — айныгыс факт.

"Атомдук согуштун тутануу тобокелчилиги бар. Тараптардын мындай алааматты баштоо планы жок болсо да кырдаал ушундай. Өзгөчө акыркы жылда абал курчуп кетти. Батыштагы кесиптештерибиз кызуу кандуулукка алдырып, кээде өтө эле агрессивдүү болуп жатышат", — деди Рябков Москвада өткөн "Экономиканын жогорку мектеби" улуттук иликтөө университети жасаган докладдын бет ачарында сүйлөп жатып.

Дипломат Батыштагы өнөктөштөр пикир алышуучу каналдардын баарына бөгөт коюп, курал-жаракка жүргүзүлгөн көзөмөлдү ойрондотуп жатканын белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0