Россияда "неберелердин дефицити" жаралды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүНебереси менен сейилдеп жүргөн кары адамдар. Архив
Небереси менен сейилдеп жүргөн кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч чоң адамга эки эле бала туура келгени айтылды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россияда акыркы 100 жыл аралыгында чоң ата, чоң энелердин неберелеринин орточо саны 6,7 эсеге азайган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Россияда 1926-жылы 100 чоң ата менен чоң энеге 542, 2002-жылы 87, ал эми 2019-жылы 81 эле небере туура келген.

Ошондой эле маалыматта учурда үч чоң адамга эки эле бала туура келери айтылат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0