Сак болуңуз! Дарыгерлер инфарктты пайда кылган жагдайларды атады

© Sputnik / Жоомарт УраимовРаспространение болезней сердца в КР
Распространение болезней сердца в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер күндүн ысып же сууп кетиши жүрөгү ооругандарга коркунуч жаратарын аныкташкан.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Дарыгерлер инфаркттын эң негизги келип чыгуу себебин атады. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Маалыматка караганда, термометр +20 градустан ашканда инфаркт алуу коркунучу жогорулайт. Ошондой эле катуу суук дагы терс таасирин тийгизет.

"Аба ырайына туура келбеген кийим кийүү, үйдү жылытуу үчүн сапатсыз көмүр же таштанды жагуу жүрөк ооруларын козутат. Айланадагы аба бузулганда инфаркт алып ооруканага кайрылгандардын саны 12 пайызга өскөнү буга далил", — деп айтылат маалыматта.

Изилдөө иштерин Польшадагы жүрөк оорулары боюнча борбордун адистери жүргүзгөн. Ага ылайык, адамдардын көпчүлүгү, 17 пайызы, дүйшөмбү күнү инфаркт алат. Калган жумуш күндөргө 15 пайыз, дем алыш күндөргө 11-12 пайыз туура келет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0