17:41 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Россия финансы министрлигинин имараты. Архивдик сүрөт

Россия мамлекеттик карызынан толугу менен кутулду

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1072 0 0

Эгер Россия карыздардын бардыгын азыр төлөшү керек болуп калса, Борбордук банк менен коммерциялык банктардагы мамлекеттик депозиттердин эсебинен эле жаап коё алат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиянын мамлекеттик карызы калган жок. Бул тууралуу РБК жазды.

Өлкөнүн Финансы министрлигинин маалыматына караганда, резервдердин рекорддук көлөмү мамлекеттик карызды толугу менен жапкан.

2019-жылдын 1-августуна карата мамлекеттик карыздын көлөмү 16,2 триллион рубль болчу. Бирок ошол эле учурда ликвиддик мамлекеттик активдер 17,6 триллион рублга жеткен.

Тагыраагы, мамлекеттик карыз 2019-жылдын орто ченинен тарта ликвиддик активдерге караганда азайган. Эгер Россия карыздардын бардыгын азыр төлөшү керек болуп калса, Борбордук банк менен коммерциялык банктардагы мамлекеттик депозиттердин эсебинен эле жаап коё алат.

Экономиканы өнүктүрүү министри Максим Орешкиндин айтымында, 2014-жылдан 2019-жылга чейин Россиянын макроэкономикасында жасалган иштер сөзсүз түрдө окуу китептерине кирет.

Мамлекеттик карызга байланыштуу мындай көрүнүш 2014-жылы Батыш өлкөлөрү Крымдын Россияга кошулушуна каршы киргизген санкцияларынан жана мунай баасынын түшүп кетишинен кийин биринчи жолу болуп жатат.

Эске салсак, 2019-жылдын август айында АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын мамлекеттик карызына каршы санкция киргизген. Ага ылайык, америкалык финансылык уюмдарга Россиянын Финансы министрлигинен валюта түрүндөгү карыз кагаздарын сатып алууга тыюу салынган. Бирок тыюулар биринчи чыгарылыштарга гана тиешелүү болчу. Соодалашуу үчүн экинчи рынок жабылган эмес.

Россиянын мамлекеттик карызы — бул юридикалык жана жеке жактардын, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана башка эл аралык укуктук субъектилердин алдындагы карыз.

Тема боюнча

Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Жыл сайын бирден ТЭЦ! 2022-жылга чейин мамлекеттик карызга канча акча коройт
Белгилер:
финансы, карыз, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ