БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Стокгольм экономикалык мектебинин окумуштуусу Магнус Сёдерлунд экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кишинин этин жеш керектигин айтты. Бул тууралуу The New American басылмасы жазды.
Айрым окумуштуулар менен эл аралык уюмдар Жер шарындагы глобалдык жылуулукка эт өнөр жайы менен айыл чарбасынын өнүгүүсү себеп болуп жатканын айтышууда.
Сёдерлунд кишинин этин күнүмдүк тамак-ашта колдонууга адамдардын тамакка болгон консервативдик мамилеси тоскоол болуп жатканын билдирген. Андан сырткары, коомдо калыптанып калган тыюулар да буга тоскоолдук кылып жатат дейт окумуштуу.
Ал ортодо айрым авторлор швед окумуштуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу үчүн адамдын оюна келбеген билдирүүлөрдү жасап жатат деген шектенүүлөрүн биринен сала бири айткан.