Бетиндеги боёкту чала жууп жатып алган аялды кене басып кеткен. Кытайдагы окуя

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКүзгүгө каранып жаткан кыз. Архив
Күзгүгө каранып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял көздөрү кызарып жатканын байкап, өз алдынча дарылоого аракет кылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кытайда бетиндеги косметикасын чала жууган аялдын кирпиктерин майда кене басып кеткенин AsiaOne басылмасы жазды.

Американская телезвезда Ким Кардашьян  - Sputnik Кыргызстан
Артык кылам деп... АКШда Кардашьянга окшошом деген келин 20 жолу операция жасатты
Маалыматка ылайык, келин бир нече айдан бери көздөрү кызарып оорутуп жатканын айткан. Бирок дарыгерлерге кайрылбастан өз алдынча дарылаган. Андан натыйжа болбой койгондон кийин гана ооруканага кайрылган. Дарыгерлер аялдын кирпиктерин майда кене басып кеткенин аныкташкан.

Дарылап жаткан адис аялга микроскоптон кенелерди көрсөткөндө ал өзүн жоготуп коё жаздаган. Дарыгердин айтымында, бейтап косметикасын чала жууп жүргөндүктөн ушундай жагдайга кабылган. Тактап айтканда, ал уктаар алдында бетиндеги боекту кетирбей койгон. Келин кээде жуунбай эле жатып алган учурлары болгонун айтып берген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0