Мээге кубат берген жана зыян тийгизген азыктар аталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер мээге кубат берген жана анын иштөөсүнө зыян келтирген азыктарды тизмектеп чыгышкан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Адамдын ичкен-жегени организмге түздөн-түз таасирин берет. Айрым азыктар мээнин иштешин жакшыртса, айрымдары, тескерисинче, зыян тийгизет. Бул тууралуу "Медикфорум" порталы жазды.

Эксперттер андай тамак-аштарды тизмектеп чыгышкан.

Завод Сoca-Cola HBC Россия - Sputnik Кыргызстан
Өмүрдү кыскартып, өлүмдү эртелеткен суусундуктар аталды
Иликтөөгө ылайык, мөмө-жемиштер, жаңгактын түрлөрү, балык, деңиз азыктары, зайтун майы жана жаңы үзүлгөн жашылчалар мээнин иштешин жакшыртат. Ошол эле учурда курамында май аз болгон сүт азыктары, канаттуунун эти да жакшы таасир берет.

Ал эми куурулган тамактардын баары, майлуу сүт азыктары, полуфабрикаттар менен туз мээнин душманы экени белгиленген. Бул азыктар мээнин иштешин жайлатып, керек болсо ага зыян алып келет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0