Польшада ымыркай апасы каза болгондон кийин 56 күндөн соң төрөлдү

© AFP / LOIC VENANCEРоддом в Нанте
Роддом в Нанте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял бир айлык боюнда бар кезде ооруканага жаткырылып, кийин мээнин функциялары токтоп калган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Польшанын Краков шаарында кош бойлуу аял каза болуп калгандан кийин ымыркай дээрлик эки айдан соң жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Gazeta Krakowska гезити жазды.

Аял бир айлык боюнда бар кезде ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын мээси жабыркаган болушу мүмкүн деген диагноз коюшкан. Бир аз убакыттан кийин адистер аялдын мээсинин функциялары токтоп калганын аныкташкан.

"Бирок дарыгерлердин жардамы менен аялдын организми өлбөй жашап турган. Биз түйүлдүккө аялдын жатынында өрчүүсүнө шарт түзүп бердик", — деди акушер, профессор Хьюберт Хурас.

Ал эми башка дарыгер Ризард Лаутербах ооруканага ымыркайдын атасы, чоң апасы жана чоң атасы келип бешик ырын ырдап, жатында жаткан небереси менен сүйлөшүп турганын айтты. Бул өз кезегинде түйүлдүктүн керектүү нукта өнүгүшүнө шарт түзгөн.

Ымыркай 1250 грамм салмак менен жарык дүйнөгө келген. Беш айдан кийин аны ооруканадан чыгарышкан. Учурда анын ден соолугу табында.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0