Өмүрдү кыскартып, өлүмдү эртелеткен суусундуктар аталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЗавод Сoca-Cola HBC Россия
Завод Сoca-Cola HBC Россия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар 450 миң ыктыярчынын катышуусу менен изилдөө жүргүзгөн.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Таттуу алкоголсуз жана газдалган суусундуктарды такай ичүү өлүмдү эртелете турганын окумуштуулардын эл аралык тобу аныктаганын Live Science басылмасы жазды.

Лекарственный препарат мексидол - Sputnik Кыргызстан
Ооруну убактылуу баскан дарынын ден соолукка кандай зыян келтирери айтылды
Окумуштуулар 450 миң ыктыярчынын катышуусу менен изилдөө жүргүзгөн. Адистер 16 жыл бою бейтаптар кандай суусундуктарга басым жасай турганына көңүл бурган. Ошондой эле алардын салмагына, ичкен-жегени жана жашоо образына да анализ жасалган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында күндө эки стакандан ашык таттуу суусундук ичкендердин өмүр менен эрте коштошуу ыктымалдуулугу 17 пайызга көбөйгөнү аныкталган. Ал эми газдалган таттуу суусундуктарга басым жасагандардын көбүнүн тамак сиңирүү системасы бузулуп, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгары белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0