Окумуштуулар сентябрдын этегинде магниттик бороон болорун эскертти

Жазылуу
Астрономдор магниттик бороон техника иштерине тоскоолдук жаратып, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын белгилешти.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Окумуштуулар сентябрдын этегинде магниттик бороон болорун жоромолдоп жатканын РИА Новости жазды.

Маалыматта G2 (орточо) деңгээлиндеги бороон 27-28-сентябрь күндөрү болушу мүмкүн экендиги айтылат.

Ошондой эле кечээ, 2-сентябрда, G1 (начар) деңгээлиндеги магниттик бороон болгондугу кошумчаланды.

Астрономдор магниттик бороон техниканын иштешине тоскоолдук жаратып, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0