Украинанын билим берүү министри катасы толтура пост жазып шылдың болду

Жазылуу
Жаңы министрди украиналыктар кескин сындап жатышат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кызматка жаңы эле дайындалган Украинанын билим берүү жана илим министри Анна Новосаддын жазган текстинен толтура ката чыгып, соцтармактын сынына кабылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Новосад ага ишеним көрсөткөн президент менен өкмөткө ыраазычылык билдирип Facebook баракчасына пост жазган. Айрымдар анын текстинен ката таап, астын сызып тууралап берген.

"Бул деген шермендечилик. Билим берүү министри ката жазганы үчүн мен уялып жатам", — деп комментарий калтырган Лиля Бойко.

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Ката көргөн жокмун! Кудайбердиева форумдун трибунасындагы жазууга жооп берди
Ал эми Наталья Зацерковная аттуу колдонуучу "эгер жаңы министрдин тушунда украин тилинин жаңы эрежелерин жазып чыгышса таң калбайм", — деп какшыктады.

Кээ бирлери министр орус тилдүү болгондуктан ушундай каталар кетсе керек деп болжолдошууда.

"Бул кыз орусча сүйлөп, орусча ойлонот да, жумушта украинчени колдонот. Кадыресе эле көрүнүш", — деген Юрий Михайлевич.

Анна Новосад ушул жылдын 29-августунда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0