АКШнын айрым штаттарын албууттанган "Дориан" бороону каптады. Видео

© REUTERS / Carlos BarriaАмерикадагы бороонду шамаал. Архив
Америкадагы бороонду шамаал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дорианды" бешинчи категориядагы эң кооптуу бороон-чапкын деп баалап жатышат. Анын ылдамдыгы саатына 257 чакырымга жетүүдө.

 

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. АКШнын океанга жакын жайгашкан аймактарын "Дориан" ураганы каптап, бороон-чапкын учурунда тартылган видеону Twitter тармагынын колдонуучулары жүктөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Абако аралы үчүн сыйынып коюңуздар, бул жакка "Дориан" келди", — деп жазган колдонуучулардын бири.

​Кадрлардан суу көчөнү каптап келе жатканын көрүүгө болот.

"Дорианды" бешинчи категориядагы эң кооптуу бороон-чапкын деп баалап жатышат. Анын ылдамдыгы саатына 257 чакырымга жетүүдө.

​АКШнын Бороондорду байкаштыруу боюнча улуттук борбору табигый кырсык Жорджия жана Түштүк Каролина штаттарын көздөй бет алганын, ал жакка эмки жумада жетээрин кабарлады.

Погода в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Ылдамдыгы 20 метрге чейин жеткен шамал болот. Бир жумага карата аба ырайы
Ушул тапта Флорида, Жорджия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Президент Дональд Трамп "Дориан" акыркы 10 жылдыкта болгон эң ири бороон болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0