Окумуштуулар аял менен эркектин эс тутумунун айырмасын аныктады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн жыйынтыгы 617 илимий эмгекке таянып чыгарылган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Эркектерге караганда аялдар майда-чүйдө нерселерди жакшы эстеп калышат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Лекарственный препарат мексидол - Sputnik Кыргызстан
Ооруну убактылуу баскан дарынын ден соолукка кандай зыян келтирери айтылды
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, кыз-келиндердин эпизодикалык эс тутуму жакшы өрчүгөн. Мындайча айтканда, алар окуя болгон жерди, убакытты жана андагы эмоцияларды эсте сактап калат. Ошондой эле аял киши адамдын келбетин жана жытты көпкө чейин унутпай турганы аныкталган.

Ал эми эркектер жер-сууну жаттап калууга мыкты келет. Мисалы, кыздарга салыштырмалуу унаа айдап жүргөн кезде тез жол табат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы 1973-жылдан 2013-жылга чейин 1,2 миллион адам катышкан 617 илимий эмгекке таянып чыгарылган. Авторлор аял менен эркектин эске тутуу мүмкүнчүлүктөрүндө анча деле чоң айырма жок экенин белгилешет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0