Балдар жөнүндө маалыматтарды топтогон. YouTube 200 млн. долларга айыпка жыгылат

© REUTERS / Dado RuvicЛоготип YouTube
Логотип YouTube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим АКШда 20дан ашык укук коргоо топтору былтыр арыздангандан кийин чыккан.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. YouTube компаниясы интернетте балдардын жеке маалыматтарын коргоо жөнүндөгү мыйзамды бузганы үчүн 150 миллион доллардан 200 миллион долларга чейин айып төлөйт. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. 

Хакер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы 11 миллион кишинин жеке маалыматы интернетке тарап кетти
Ага ылайык, тийиштүү келишим АКШнын Соода боюнча федералдык комиссиясы менен макулдашылган.

Эгер YouTube мындан ары балдар тууралуу маалыматтарды сураса айып төлөйт. Андан сырткары видеохостингдеги балдар контентине байланышкан саясат дагы өзгөрөт. Башкача айтканда, балдарга багытталган жарнамаларды өчүрүү каралган. Мындай чечим 2018-жылы АКШда 20дан ашык укук коргоо топтору арыздангандан кийин чыккан. Укук коргоочулар компания мыйзам боюнча 13 жашка чейинки балдар тууралуу маалыматтарды топтоп жаткан болсо аларды ата-энесине кабарлашы керектигин жүйө келтиришүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0