Ооруну убактылуу баскан дарынын ден соолукка кандай зыян келтирери айтылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛекарственный препарат мексидол
Лекарственный препарат мексидол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер Тамак-аш жана дары-дармек боюнча санитардык көзөмөл башкармалыгынын 2004-жылдан 2019-жылга чейинки 12 миллионго жакын маалыматын изилдеп чыгышкан.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар тобу трамадол деп аталган, ооруну убактылуу баса турган дарынын ден соолукка терс таасирлери көп экенин аныктады. Бул туурасында изилдөө Scientific Reports журналына жарыяланган.

Билдирмеге ылайык, адистер Тамак-аш жана дары-дармек боюнча Санитардык көзөмөл башкармалыгынын 2004-жылдан 2019-жылга чейинки 12 миллионго жакын маалыматын изилдеп чыгышкан.

Ооруканадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде ракка кабылган балдарга алгач ирет тамчылатма морфин алынып келет
Жыйынтыгында трамадолду ичкен адамдардын канында глюкозасы азайып, ал гипогликемияга алып келери маалым болгон. Бул кант диабети менен жабыркаган адамдардын ден соолугуна өтө коркунучтуу болушу мүмкүндүгү айтылды.

Опиоиддер категориясына кирген андан башка дарыларда мындай таасир байкалган эмес. Илимпоздордун айтымында, трамадолду колдонгон адамдын гипогликемияга кабылып калуу коркунучу күч.

"Трамадол" опиоиддер категориясындагы дарылардын катарына кирет. Ал ооруну убактылуу басат жана бир катар дарылар жардам бербей калган бейтаптар (мисалы, онкологиялык оорулуулар) үчүн колдонулат.

Опиоид курамында морфин сыяктуу ооруну баса турган күчтүү заттардын тобу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0