Twitter негиздөөчүсү өзү хакерлердин чабуулуна кабылып, аккаунту талкаланды

© AFP / PRAKASH SINGHГенеральный директор и соучредитель Twitter Джек Дорси
Генеральный директор и соучредитель Twitter Джек Дорси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 30-августта болгон. BBC телеканалынын жазышынча, хакерлер расисттик мүнөздөгү жана коркутуп-үркүтүүчү 15 билдирүү жазып коюшкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Twitter социалдык тармагынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жек Дорсинин аккаунтун бузуп кетишти. Бул тууралуу Twitter компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Хакер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда хакерлер Элдик банктын 200дөн ашуун кардарынын акчасын уурдады
Ага ылайык, окуя 30-августта болгон. BBC телеканалынын жазышынча, хакерлер расисттик мүнөздөгү жана коркутуп үркүтүүчү 15 билдирүү жазып коюшкан.

Twitter окуя тууралуу 20 мүнөттөн кийин расмий билдирүү таратып, учурда Дорсинин баракчасы калыбына келтирилгенин маалымдаган. Башкалардын ар намысына шек келтире турган билдирүүлөрдүн бардыгы өчүрүлгөн.

Chuckling Squad аттуу топ аккаунтту алар бузуп киргенин моюндашкан.

Дорсинин баракчасы 2016-жылы да талкаланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0