Эмне болгонун билбей... Адамдар өтүп баратканда урап түшкөн көпүрөнүн видеосу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКөпүрөдө отүп бараткан адам. Архив
Көпүрөдө отүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгонго чейин бул аймакта жамгыр катуу жааган, мындан улам суу улуу келип көпүрөнүн асты жагын жеп кетиши мүмкүн экени айтылган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Түркияда автоунаалар өткөн чоң көпүрө урап түшүп, эки адам жаракат алды. Бул туурасында Sputnik International агенттиги жазды.

Стена на улице внезапно рухнула, но женщина чудом спаслась — видео - Sputnik Кыргызстан
Ажалы жок экен! Ири дубалдын урандысынан аман калган аялдын видеосу
Окуя 26-августа Самсун шаарында болгон. Видео байкоого тартылган кадрдан эки адам көпүрөнүн аягына жетип калганын көрүүгө болот. Бир маалда жер оюлуп ичкери кирип кетет да, алар дарыяга кулаган. Артынан токтоп турган бир автоунаа дагы түшүп кеткен.

Жергиликтүү бийлик кулагандар жеңил жараат алганын билдирди. Ошондой эле ал көпүрө жабылганын, бирок тургундар өз алдынча колдонуп келишкени айтылат. Окуя болгонго чейин катуу жааган жамгыр көпүрөнүн урап түшүшүнө себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0