АКШ Мексика менен чектешкен жерге кошумча 32 чакырымдык дубал тургузмай болду

© AFP / HERIKA MARTINEZ /АКШ менен Мексиканын ортосундагы дубал. Архив
АКШ менен Мексиканын ортосундагы дубал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Мексика менен чектешкен аймагына тосмо куруу - Дональд Трамптын шайлоо учурунда берген убадаларынын бири.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Пентагон Мексика менен чектешкен аймакка кошумча 32 чакырым дубал курууну жактырды. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.

Саммит G7 во Франции - Sputnik Кыргызстан
Трамп Россиянын айынан G7 лидерлери менен кер-мур айтыша кетти
Буга чейин Калифорниянын соту Коргоо министрлигинин 2,5 миллиард долларын дубал курууга коротууга болбойт деген өкүм чыгарган. Бирок кошумча тосмо салуу келишим боюнча каралган чыгымдар бир топ арзан болуп калгандыктан жанданган. Ошентип эми Аризона менен Калифорния штаттарында 32 чакырымга жеткен темир тосмолор пайда болот.

АКШнын Мексика менен чектешкен аймагына тосмо коюу - Дональд Трамптын шайлоо учурунда берген убадаларынын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0