Өкүнүптүр. Макгрегор улгайган адамга кол көтөргөнү үчүн кечирим сурады

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегор барга келип, чогулгандарды өзүнүн брендиндеги виски менен сыйлаган. Качан андагылардын бири ичимдикти ичүүдөн баш тартканда, мушкер аны бетке бир койгон.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор буга чейин Дублин шаарында колу тийген карыядан кечирим сурап, туура эмес кылганын мойнуна алды. Бул тууралуу ESPN телеканалы билдирди

Ушул жылдын апрель айында болгон окуя тууралуу коомчулукка бир апта мурда билинген. Интернетке тараган видеого караганда, Макгрегор барда улгайган адамга кол көтөргөн.

"Ал жерде эмне болгону маанисиз, негизгиси мен туура эмес кылыптырмын. Ал адам барда жакшынакай отуруп көңүл ачайын деген. Окуя беш ай мурда болгон, ошондон бери күнөөмдү жууганга аракет кылдым. Мурда эле жоопкерчиликти мойнума алышым керек болчу. Анткени мен күйөрмандарыма, машыктыруучуларыма жана үй-бүлөмө үлгү болушум керек эле. Менин анык жүзүм андай эмес, мен спортко адамга кол салуу үчүн эмес, кол салгандардан коргоо үчүн келгем. Мен актанбайм, күнөөмдү мойнума алам. Бул кылганым мендей адам үчүн акылга сыйгыс нерсе", — деди Макгрегор.

Дублин прокуратурасы окуядан кийин жазылган арыздын негизинде спортчуга күнөө койду. Эми анын күнөөсү делилденсе, мушкер айып төлөшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0