Медиктер кайсы топтогу кан өтө кооптуу экенин аныкташты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүСтавропольский краевой онкологический диспансер
Ставропольский краевой онкологический диспансер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер жүзүндөгү кишилердин сегиз пайызы өтө кооптуу топтогу кан менен жашайт.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Каны терс резус-фактор болуп төртүнчү топко кирген адамдар кооптуу илдеттерге көп кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Гарвард университетинин окумуштууларына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

"Жер жүзүндөгү кишилердин сегиз пайызы ушул топтогу кан менен жашайт. Алардын көпчүлүгү онкологиялык илдеттерге кабылат. Мындан тышкары, алар балалуу болбосу, болсо дагы бир гана жыныстагы наристелерди жарык дүйнөгө алып келери белгилүү болду", — деп айтылат макалада.

Толук аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: ашыкча салмак адамды ысыктан сактайт
Төртүнчү топтогу терс резус-фактордогу кандын ээлери дагы башка толгон-токой илдеттерге жакын экенин Вермонт университетинин (АКШ) илимпоздору дагы аныкташты.

Алардын айтымында, мындай адамдар инсульт, ой жүгүртүүнүн жана эске тутуунун мандемдери сыяктуу мээ ооруларына көбүрөөк кабылышат. Иммунитети өтө төмөн болгондуктан, кайсы оору болсо дагы бат илештирип алууга өтө жөндөмдүү келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0