Зоопарктагы эң кары панда туулган күнүн белгиледи

© Sputnik / Михаил Сербин / Медиабанкка өтүүПанда. Архив
Панда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнөдө Синь Син аттуу жаныбардан тараган 137 панда бар.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Зоопаркта жашаган пандалардын эң карысы болуп саналган Синь Син 37 жашын белгиледи. Бул туурасында "Известия" жазды.

Ургаачы панда Чунцин шаарындагы зоопаркта жашайт. Кызматкерлер анын ден соолугу дурус экендигин белгилешкен.

"Учурда дүйнөдө Синь Синден тараган 137 панда бар. Алар АКШ, Канада, Япония, Бельгия жана алп пандаларды изилдеген Чэнду борборунда жашайт", — деп айтып берген зоопарктын өкүлү.

Буга чейин эң кары панда деп Сычуань облусунда туулган Басы эсептелчү. Ал 2017-жылы 37 жашында каза тапкан. Басыга чейин Гонконгдо Цзяцзя аттуу 38 жаштагы панда бар болчу. Бирок аны 2016-жылы атайын дары берип өлтүрүшкөн.

Учурда дүйнө жүзү боюнча 2060 панда бар экендиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0