09:44 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Мусулман аял. Архив

Аялга жагуу кыйын! Аравиялык келин идеалдуу жолдошунан тажап ажырашканы жатат

© AFP 2019 / PETER STEFFEN / DPA
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
4923 0 0

Ал Эль-Фуджайра эмирлигинин шариат сотуна кайрылып, жолдошунун "сүйүүсүнө муунуп жатканын" айткан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бириккен араб эмирлигинде (БАЭ) жашаган аял күйөөсү "өтө эле идеалдуу болгондуктан" аны менен ажырашам деп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү Khaleej Times басылмасы жазды.

Ал Эль-Фуджайра эмирлигинин шариат сотуна кайрылып, жолдошунун "сүйүүсүнө муунуп жатканын" айткан.

"Бир жылдан бери чогуу жашап келе жатабыз. Ушул аралыкта ал мага бир дагы жолу кыйкырып, айткандарымды четке каккан жок. Мага бардар, телегейи тегиз жашоого караганда, талаш-тартыш болуп турган турмуш көбүрөөк керек. Эч бир маселе боюнча пикир келишпестик боло элек. Бир нерсе десем эле кечирим сурап, белектерди жаадырып салат", — деди арызданган келин.

Күйөөсү аялынын чечимин угуп алып капаланып, ар дайым идеалдуу жар болууга аракет кылганын айтты.

Ал эми сот жубайларга элдешип алууга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөп, соттук отурумду кийинкиге жылдырып койду.

Тема боюнча

Индияда сагыздын айынан аялына талак берген эркек соттолмой болду
Белгилер:
нике, аял, күйөө, Бириккен Араб Эмирлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ