Жыйында ымыркай алып отурган Жаңы Зеландиянын спикери элди элжиретти

© AP Photo / Parliament TVСпикер парламента Новой Зеландии Тревор Маллард на заседании с младенцем на руках. 21 августа 2019
Спикер парламента Новой Зеландии Тревор Маллард на заседании с младенцем на руках. 21 августа 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 21-август күнү болгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Социалдык тармак колдонуучуларын Жаңы Зеландия парламентинин колуна ымыркай алып отуруп жыйын өткөргөн спикери Тревор Маллард элжиретти.

The Guardian басылмасынын жазганына караганда, 65 жаштагы Маллард башка депутаттын алты жумалык ымыркайын "атасы тоскоолдуксуз иштеп алсын" деп алып отурган. Бул жыйын 21-август күнү болгон.

Залда ар кандай мыйзам долбоорлору тууралуу талкуулар жүрүп жатканда, төрага наристеге бөкөлкөдөн сүт берип отурган.

Бул учурда транспорт министри Фил Твайфорд күйүүчү майдын баасы, коргоо министри Рон Марк коргонуу саясаты боюнча документтин эскилиги жөнүндө сөз кылып жатканы айтылат. Ал эми Улуттук партиянын мүчөсү Марк Митчелл өкмөттү катуу сынга алууга жетишти.

"Адатта төраганын ордунда өзүм эле отурчумун. Бирок бүгүн мени менен чогуу VIP-конок бар. Кесиптештерди "үй-бүлөбүздүн" жаңы мүчөлүү болушу менен куттуктайм!" — деп жазды спикер Twitter баракчасына.

​Тревор Малларддын сүрөтү социалдык тармактарда катуу талкууланып, миңдеген лайктарды чогулта алды.

"Азаматсыз, спикер мырза! Лидерликтин жогорку үлгүсүн көрсөттүңүз. Позитивдүү ирмемдер үчүн рахмат", — деп жазды Кора Лунн аттуу колдонуучу.

​"2019-жылдын мыкты сүрөтү десек болот. Саясатчылар менен карапайым адамдар бирдей, бири-бирине окшош экенин далилдедиңиз", — деген билдирүүнү Видит Патил аттуу адам калтырган.

Сүрөткө өз пикирин Жашылдар партиясынын депутаты Гарет Хьюз дагы билдирди.

"Парламентте ымыркайдын болушу абдан жагымдуу көрүнүш", — деп жазды ал.

​Мындан эки жыл мурда Австралияда 40 жаштагы сенатор Ларисса Уотерс парламенттин жыйынында жаңы төрөлгөн кызын эмизген видео тарап, көпчүлүккө позитив тартуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0