БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Facebook колдонуучуларына башка сайттардан өздөрү тууралуу маалыматтарды көрүп жана көз салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ишке кире турчу кызмат тууралуу социалдык тармак расмий блогунда билдирген.
Жаңы кызмат "Facebook тармагынан тышкары ишмердүүлүк" (Off-Facebook Activity) деп аталат.
"Off-Facebook Activity тиркемелердеги жана сайттардагы сиздин ишмердүүлүгүңүз тууралуу маалыматтарды жиберип турат. Кааласаңыз маалыматты аккаунттан өчүрүп койсоңуз болот", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Facebook түзүүчүлөрү мындай опцияны ишке ашыруу менен колдонуучуларга соцтармактын иштөө принциби жана ченемдери тууралуу кенен маалымат берүүнү ниет кылышканын белгилешкен.