Кино жылдызы Дуэйн Жонсон 12 жылдык мамиледен кийин акыры үйлөндү. Сүрөт

© AFP / Christopher PolkАктер Дуэйн Джонсон жубайы Лорен Хашиан менен. Архив
Актер Дуэйн Джонсон жубайы Лорен Хашиан менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түгөйлөр 2008-жылы актёр биринчи жубайы, продюсер Дэни Гарсиа менен ажырашкандан кийин жолуга башташкан.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Белгилүү Голливуд актёру Дуэйн "Скала" Жонсон ырчы Лорен Хашиан менен баш кошту. Ал кубанычтуу кабары менен Instagram баракчасынан бөлүшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от therock (@therock)

Мушташ кинолордун жылдызы үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн дүйшөмбү күнү жүктөгөн. Сүрөттөгү жазуулардан улам салтанат жекшемби күнү Гавайиде (АКШ) өткөнүн көрүүгө болот.

Принц Дании Николай - Sputnik Кыргызстан
Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор
Анда актёр түстүү көйнөк менен шым кийип, мойнуна өрүлгөн гүлдөрдү илип алган.

Reuters жазгандай, Жонсон менен Хашиан 12 жылдан бери чогуу жашап келишет, ортолорунда Жасмин жана Тиана Гиа аттуу балдары бар.

"Форсаж" жана "Жуманжи" кинолору менен таанылган актёр мурда продюсер Дэни Гарсиага үйлөнгөн. Алар 2008-жылы ажырашканы менен азыркыга чейин кызматташары айтылат. Экөөнүн 18 жаштагы Симоне Александра аттуу кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0