Дени соо балага 13 жолу операция жасаткан эне. Сотко чейин жеткирген окуя

© AFP / THOMAS SAMSON Ооруканадагы бала. Архив
Ооруканадагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял 2009-2016-жылдары өзүнүн он жаштагы уулун 323 ирет ооруканага алып барып, зарыл болбогон кароолордон, текшерүүлөрдөн өткөрүп турган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Америкадагы Техас штатынын жашоочусу баласын дарыгерге эч себепсиз 320 жолу алып барган күнөөсүн мойнуна алды. Бул туурасында Fox 5 интернет порталы жазды.

35 жаштагы Кэйлин Боуэн-Райттын сот отуруму узаган аптада Далласта өткөн. Аял 2009-2016-жылдары өзүнүн он жаштагы уулун 323 жолу ооруканага алып барып, зарыл болбогон кароолордон, текшерүүлөрдөн өткөрүп турган. Соттун маалыматы боюнча, балага 13 ирет операция жасалган.

Беженцы в Ираке - Sputnik Кыргызстан
10 жаштагы кыз белгисиз оорудан улам кемпирдей көрүнүп калды. Видео
2017-жылы оорукананын кызматкерлери баланы энеси жөн гана рак өңдүү оорулары бар деп мажбурлап алып келип жаткандыгы тууралуу маалымат таратышкан.

Соттун өкүмү октябрь айында чыгары жана аял 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылат. Баланын атасы Райан Кроуфорд аны жалгыз тарбияламай болгон.

Маалыматта аял Мюнхгаузен синдрому менен жабыркашы мүмкүн экени белгиленет. Мында адам өзүн же башка эле кишини дартка чалдыккан деген ойдо медициналык жардам алууга мажбурлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0