Канадада парашюту ачылбай калган аял аман калды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМеждународные тактические учения ВДВ в Витебске
Международные тактические учения ВДВ в Витебске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял асмандан секирип жатканда негизги парашюту ачылбай калган. Кошумча парашютту колдонууга аракет кылганы менен андан да майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Канаданын тургуну 1,5 чакырым бийиктиктен секирип, парашюту ачылбай калган. Бактыга жараша ал жерге аман-эсен түшкөнүн CNN телеканалы билдирди.

Аскердик учактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аскердик учактар абага көтөрүлдү. Күбөнүн видеосу
Окуя Труа-Ривьер шаарында болгон. Аял асмандан секирип жатканда негизги парашюту ачылбай калган. Кошумча парашютту колдонууга аракет кылганы менен андан да майнап чыккан эмес.

Ал токойдун үстүнө түшүп, парашюту бактарга илинип калган. Дал ушул нерсе анын өмүрүн сактап калган. Анткен менен аялдын бир нече жери сынып, ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, мындай бийиктиктен секирип, парашюту ачылбай калган кишилердин көбү мүрт кетет.

30 жаштагы аял көптөн бери парашюттан секирүү менен алектенип келгени маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0