10 жаштагы кыз белгисиз оорудан улам кемпирдей көрүнүп калды. Видео

© AFP / KARIM SAHIBБеженцы в Ираке
Беженцы в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызды курбалдаштары  "чоң эне" деп атап алгандыктан пластикалык операция жасатып болсо да келбетин оңдоого аракет кылууда.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Камбоджа өлкөсүндөгү чакан кыштакта жашаган кыз чанда кездешчү оорудан улам келбети улгайган адамдыкындай болуп калды. Бул туурасында The Daily Mail басылмасы жазды.

10 жаштагы Бо Ракчиндин келбети 60 жаштагы кемпирдей көрүнөт. Ал төрөлгөндө эле денесинде бырыштар болгон.

Кыздын так диагнозу белгисиз, себеби аны бир дагы жолу дарыгерге алып барышкан эмес. Ал дененин майларын түзүүчү ткандын иштешине тоскоол жараткан липодистрофия же теринин ийкемдүүлүгүн азайткан Алибер дерматолизи деген илдет менен жабыркашы мүмкүн дешет.

"Мен агаларымдын жана эже-сиңдилеримдин арасында кары көрүнөм. Алар мени эже эмес, чоң эне деп чакырышат. Антип атабоону талап кылганыма карабай, мазактаганын токтотушпайт", — деп ызаланган Ракчин.

Кыз курбалдаштарынын мазагына чыдай албай пластикалык операция жасатып болсо да келбетин оңдоого аракет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0