Жаңы Зеландияда жол кырсыгына кабылган аял семиз болгону үчүн аман калды

CC0 / Pixabay / Akent879Случаи ДТП в КР
Случаи ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэтьюс үчүнчү баласын төрөгөндөн кийин тез салмак ала баштаган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын 30 жаштагы тургуну Моника Мэтьюс ашыкча салмагынан уялып, арыктоону каалачу. Бирок ал олуттуу жол кырсыгына кабылган маалда ашыкча салмагынан улам аман калганын The California Sun басылмасы жазды. 

Мэтьюс үчүнчү баласын төрөгөндөн кийин тез салмак ала баштаган.

Жакында ал курбусу жана анын күйөөсү менен машинада баратып, жол тандабас менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Моника машинанын арткы отургучуна кысылып калган. Андан сырткары, коопсуздук куру анын ичин ичеги-карындарга чейин кесип, кабыргалары сынган.

​Дарыгерлер аялды ашыкча салмагы гана сактап калганын айтышууда. Себеби ашыкча салмак болбогондо коопсуздук куру анын ички органдарын олуттуу жабыркатмак.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0